Нурлан Насип - Жаным, сага мен канткенде жагамын? удобно слушать в mp3 формате с текстом песни, а так же скачка и видео клип.

Песня: Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Добавлено: 2015-12-18

Продолжительность mp3: 03:14

Автор: Нурлан Насип

Текст этой песни просмотрели: 588

Голосование за песню: 0

Скачать

Полный список песен автора Нурлан Насип
Текст этой песни:

Күлөсүң, күлөсүң, тоготпой жүрөсүң,
Ансайын байланып мен сени сүйөмүн.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кызганам, кызганам, өзүңдү башкадан,
Кыйнабай түшүнчү сезимди, суранам,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Кайырма:
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Артыңдан калбадым, көңүлүң бурбадың,
Гүлүмдү сунсам мен, кол сунуп албадың.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Издетип өзүңдү жүргөндү сүйөсүң,
Жолуксак капыстан назданып күлөсүң.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Кайырма:
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Жанаша бассам мени теңсинбей,
Көтөрдүң боюң мага ченебей.
Сүйүүмдү айтсам койдуң кенебей,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Смотреть видео
Нурлан Насип "Жаным сага мен канткенде жагамын"
Комментарии (0)
Поделиться мнением



Код безопастности: